06.03.2019 10:31

Жамиля Турганова: К. Кулматов менен А. Ибраимовго карата козголгон кылмыш иши жана соттук процесс -толук  акылсыздык

Жамиля Турганова: К. Кулматов менен А. Ибраимовго карата козголгон кылмыш иши жана соттук процесс -толук  акылсыздык

Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата козголгон кылмыш иши жана соттук процесс -толук  акылсыздык. Бул туурасында бүгүн Бишкектин экс-мэри, КСДП Саясий кеңешинин мүчөсү Кубанычбек  Кулматовдун жубайы Жамиля Турганова билдирди.

Анын айтымында, Кулматов менен Ибраимовго карата кылмыш иши саясий мүнөз алып жүрөт. «8 ай бою мен муну чектен ашкандык деп атап келгем. Азыр акылсыздык деп айтат элем. Кантип ар башка төрт кылмыш ишин бир ишке бириктирип жатышат? Албек Ибраимовдун «Дастан» ишканасы жана башка боюнча кылмыш иштерин Кубанычбек Кулматовдун мектеп боюнча кылмыш иши менен бириктирип коюшту.  Кулматовдун «Дастанга»эмне тиешеси бар?», - деп нааразы болду Жамиля Турганова.

К.Кулматовдун жубайы тергөө одоно, «эпсиз ыкмалар» менен иштеп жатат деп эсептейт. 

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-мартта Ленин райондук сотунда Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун иши каралууда. Соттук отурумдан ЖМК өкүлдөрү чыгарылды.